Коом

2020-жылдын 9 айында облустук ички иштер органдарынын аткарылган иштери боюнча онлайн кеңешме болуп өттү

Кечээ, 20- октябрь күнү Нарын ОИИБнин башчысы милициянын полковниги У.Аалиевдин катышуусу менен шаар, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары жана Нарын ОИИБнин начальниктин орун басарлары жана тармак башчылары менен онлайн кеңешме өткөрүлдү.

Анда ички иштер органдарынын негизги күч аракеттери кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүүгө, оор, өзгөчө оор кылмыштардын беттерин өз убагында ачууга, коомдук коопсуздукту камсыз кылууга жана өздүк курамдын арасында кызматтык тартипти, мыйзамдуулукту чыңдоого багытталган маселелер каралды.

Мындан сырткары онлайн кеңешме учурунда облустун бардык райондорунда коомдук коопсуздукту бекемдөө, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча тапшырмалар жана талаптар коюлду.

Ошондой эле аткарылган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча кетирилген кемчиликтер талкууланып, айрым кызматкерлерге тартиптик жазалар берилди.

Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button