Жогорку Кеңеште жаңы депутат Пархат Тулендыбаев ант берди


Бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңеште жаңы депутат Пархат Тулендыбаев ант берди.

Ал «Ата Журт — Кыргызстан» фракциясындагы бош мандатка ээ болгон. Бул фракциядан Жеңиш Токторбаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалган болчу.

Тулендыбаев Жогорку Кеңештин VI чакырылышында депутат болгон.