Өзгөндө жылына 15 миллион даана карп-сазан чабактарын чыгаруучу инкубациялык цех ачылды


Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун барасы–Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ош облусуна болгон жумушчу иш сапарынын алкагында министрликтин алдындагы Балык өнөр жай комплекси департаментине караштуу «Кыргыз балыгы» Мамлекеттик ишканасынын Өзгөн филиалында чөп менен азыктануучу балык түрлөрүн жана карпты жасалма көбөйтүүчү инкубациялык цехти ачты.

– Бул долбоордун максаты – аквакультураны туруктуу өнүктүрүү аркылуу балык багуунун көлөмүн жогорулатуу, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана айыл жергесинде калкка жумуш орундарын түзүү, — деп билдирди иш-чаранын ачылыш аземинде Бакыт Төрөбаев. Инкубациялык цех жылына 15 миллион даана карп-сазан жана жылуу сууда өсүүчү балык чабактарын чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Долбоордун наркы 9 миллион сомду түзөт. Бул долбоор Түркиянын Кызматташтык жана координациялоо агенттигинин (TİKA) колдоосу менен ишке ашырылып, табигый шарттарга жакын кырдаалда балыкты жасалма көбөйтүү жана инкубациялоо боюнча заманбап технологияларды киргизүүгө багытталган.