Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева кызматынан бошотулду


 Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун анын маалымат кызматынан кабарлашты.
Кутнаеванын башка ишке өткөнү айтылды.
Өлкө башчынын дагы бир жарлыгы менен санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп Азамат Жамангулов дайындалган.
Эми анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.