Коом

Сүрөт. Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде жаңы имарат ачылды

Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде жаңы имараттын ачылышы болду.
70 орундуу жатакананын имараты Кувейттин «Ас-Сафа борбору» кайрымдуулук фонду тарабынан курулуп, эмерек менен жабдылган. Ошондой эле, Фонд 2018-жылы 50 орундуу заманбап турак жай имаратын кургап берген.
Статс-катчы Каныбек Адиев Кувейт фондунун өкүлдөрүнө көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирип, министрликтин Ардак грамоталарын тапшырды.
Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекеме — туруктуу камкордукка, үй-бүлөлүк жана медициналык кызматтарга муктаж болгон майыптыгы бар адамдар туруктуу жашоосу үчүн жалпы медициналык-социалдык мекеме болуп саналат.
Бүгүнкү күндө мекемеде 207 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам жашайт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button