Эверестти багындырган Асел Байбагышевага 500 миң сомдук сертификат тапшырылды


Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандан дүйнөнүн эң бийик чокусу Эверестти багындырган биринчи альпинист айым Асел Байбагышева менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Баарлашуу учурунда Асел Байбагышева дүйнөнүн эң бийик чокусуна чыгып жаткандагы таасири, кыйынчылыктар тууралуу айтып берген. Эверестке чыккандан кийин биринчи болуп министрлер кабинетинин төрагасы телефон чалып куттуктаганын белгилеп, мамлекеттин колдоосу спортчуларды жаңы ийгиликтерге шыктандырарын билдирген.

Касымалиев Асел Байбагышеваны тарыхый ийгилиги менен куттуктап, Кыргызстандын эл аралык аброюн чыңдоого зор салым кошконун белгилеген. Колдоо иретинде 500 миң сомдук сертификат тапшырган.

Асел Байбагышева дүйнөнүн чокусуна орноткон Кыргызстандын мамлекеттик желегин Адылбек Касымалиевге тапшырып, Эверест тоосунун чокусунан алып келген ташты белек кылган.