КР УКМК тарабынан УКТнын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюуга багытталган ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Н.Н.К., каймана аты “Пипи”, ликвидация кылынган К.Асанбектин классташы болгондугу жана мурда анын тапшырмаларын аткарып жүргөндүгү аныкталган.
Тиешелүү иш-чараларды уюштуруунун жүрүшүндө, H.H.K. KP КЖКнын 101-беренеси (денеге оор залал келтирүү) боюнча соттолгону аныкталган жана 2007-2008-жж. Талас облусунун «положенеци» болуп К.Асанбек тарабынан дайындалган.
Кыргыз Республикасында кылмыштуу топторду жок кылууга багытталган саясатынын алкагында, 2025-жылдын 22-майында Н.Н.К. КР УКМКга алынып келинди.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында,H.H.K. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлүгүнөн толугу менен чыгып, жарандарды кылмыш дүйнөсүнүн жолуна түшпөөгө чакырып, кылмыш идеологиясынан баш тартып, мындан ары КР мыйзамдарын бузбоого милдеттенди.

