Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районундагы сорт сыноо станциясынын “Отуз-Адыр” филиалына барып бахча жана жашылча өсүмдүктөрдүн жаңы сорттору боюнча жүргүзүлүп жаткан тажрыйбалык иштер менен жеринен таанышты.

Жалпы аянты 42 гектарды түзгөн бул участкага тамчылатып сугаруу системасы орнотулуп, суу үнөмдөөчү технологиялар кеңири колдонулууда. Айрыкча, Кытайдан алынып келген пахтанын импорттук сорттору тамчылатып сугат ыкмасы менен өстүрүлүүдө. Бул технологиянын максаты — суунун чыгымын азайтуу менен бирге, түшүмдүүлүктү жогорулатуу.
Мындан тышкары, жогорку киреше алып келе турган (жогоркумаржиналдуу) айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү максатында:
4 гектарга Түркиядан алып келинген дарбыздын жаңы сорту,
2 гектарга Голландиянын помидор сорту өстүрүлүүдө.
Ошондой эле Бакыт Төрөбаев «Оомат-Агро» үрөнчүлүк чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты, анда өлкөнүн түштүк региондорунун климаттык шарттарына ыңгайлашкан жүзүмдүн 5 түрү сыноодон өтүп жатат.
«Айыл чарбанын негизги максаты — бул азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу гана эмес, фермерлердин кирешелүүлүгүн жогорулатуу. Бул үчүн жаңы сортторду киргизүү, сууну сарамжалдуу колдонуу жана заманбап агротехнологияларды колдонуу зарыл», — деп белгиледи Бакыт Төрөбаев.
Министр “Отуз-Адыр” сыяктуу сорт сыноо станциялардын ишмердүүлүгү республиканын айыл чарба секторун өнүктүрүүдө маанилүү ролду аткарарын баса белгиледи. Мындай станциялар аркылуу климаттык шартка ылайык, түшүмдүүлүгү жогору, экспортко багытталган жана туруктуу сорттор тандалып, келечекте дыйкандарга сунуштала турганы белгиленди.

