Дүйнөгө белгилүү кыргызстандык «D Billions» чыгармачыл тобу YouTube` дан өзүнүн 3-бриллиант баскычын алды. Бул тууралуу «D Billions» чыгармачыл тобу социалдык тармактагы жеке баракчасына жазды.
“Орто азияда алгачкылардан болуп 3-бриллиант баскычка ээ болуп жатабыз. Биз күйөрмандарыбыздын колдоосу үчүн абдан ыраазыбыз. Бул саякаттын бир бөлүгү болгонуңуз үчүн жана алдыда дагы көптөгөн укмуштуу окуялар үчүн рахмат!”,-деп жазган аталган топ.
Белгилей кетсек, аталган баскыч чыгармачыл топтун испан тилиндеги каналы үчүн берилген.

