Муфтий аялдарды кордоо пастык экенин айтып, кайрылуу жолдоду


Кара-Кулжада болгон каргашалуу окуядан кийин Кыргызстан мусулмандарынын Муфтийи Абдулазиз Закиров билдирүү таратты.

«Ардактуу мекендештерим, кымбаттуу бир туугандар! Аялзаты – Аллах Тааланын Жаратуудагы өзгөчө керемети. Анын жүрөгүнө боорукерликти, жүзүнө назиктикти, табиятына туруктуулукту бүткүл асыл сапаттары менен кошо берген. Ислам дини аялзатын кадырлап, урматтап, коргоп келген. Ар бир аял – эне, жар, кыз жана эже катары коомдун түпкү тиреги экенин унутпашыбыз керек. Пайгамбарыбыз Мухаммад «Силердин эң жакшыңар – аялдарына жакшы мамиле кылгандарыңар» деп, эркектерге аялзатына болгон мамиленин деңгээли менен ыйманын өлчөп берген. Аялзатынын укугу ыйык. Ага болгон кайдыгерлик – бул ыймандын алсыздыгы. 
Аялга урмат – коомго урмат. Аялга камкордук – үй-бүлөгө тынчтык. Аялга мээрим – келечекке бейпилдик.
 Ал эми Куранда Аллах Таала: «Аялдар – силердин кийимиңер, силер – алардын кийимиңер» деп, эркек менен аял бири-бирин жаап, коргоп, кооздоп туруучу түгөйлөр экенин баяндайт. Аялдын жан дүйнөсүнө тынчтык бербеген эркек – өзүн да тынчсыз кылат.  Азыркы заманда аялзатына болгон зомбулук, көңүлкоштук, кордоо – бул жаратылыш мыйзамына, шариятка каршы келген чоң адилетсиздик. Аял – өзүнүн аземин, өзөгүн, өзүн – биз эркектер аркылуу бекем сезет. Эгер биз коргоо милдетибизди унутсак, анда биз эркек эмес, тек гана кара күч болуп калабыз.  Аял – эне катары Жаннаттын эшигин ачат. Жар катары сенин бейишке болгон себепчиң. Кыз катары сенин жүрөгүңдүн назик күзгүсү. Аларды урматтоо – ибадат. Аларды тебелөө – пастык. Хадисте айтылгандай: «Эненин таман алдында бейиш бар» – деп Пайгамбарыбыз бейишке алып баруучу жол аялзаты аркылуу болорун ачык айткан», — деп жазган ал.