Эске салсак, 28-май күн саат 19:30 чамасында Каныш-Кыя айылынын Маданият көчөсүндө жайгашкан үйүнөн 1960-жылы туулган Д.З. аттуу аял киши чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшүп, куткаруучулар эки күндөн бери издөө иштерин жүргүзүп жатышкан.
Издөө иштерине Чаткал райондук №81 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу тартылып, натыйжада аялдын сөөгүн Чаткал дарыянын жээгинен таап, туугандарына өткөрүп беришти

