Жашоом азыр омкорулуп, айла таппай куурап жүрөм, жан дүйнөмдөгү шишип бара жаткан бугумду басаар жан издеп, акыры бул катты жазууну эп көрдүм…
Атам менен апам биз кичинекей кезде атамдын бир тууган иниси Нурлан авамдардын үйүнө калтырып, тойго деп Ошко кетишкен. Бирок кайра кайтып келишкен жок, анткени тойго бара жаткан жолдо автокырсыкка учурап, ошол жерден экөө тең жан бериптир, бизге жансыз денелери келди. Мен ошондо араң эле 8-класста окуган кыз болчумун. Ошол боюнча Нурлан авамдардын карамагына өтүп, Жалал-Абадда калып калдык. Ата-энебиздин жогу бир тең, Нурлан авамдардын балдарынын кылганы бир тең болуп сиңдим экөөбүз аябай корунуп жашадык. Ошентсе да керектүү оокатыбыз дайыма алдыбызда болчу, ал жагынан маселе болгон жок. Эптеп эле окууну бүтүп, сиңдимди алып Бишкекке кетем деген максат менен жашап, акыры ал күн да келди. Бишкекке келип кесиптик лицейге тапшырып, окууну баштадым. Бирок сиңдим ошол жакта калды, аны сагынып, азып-тозуп кеткенимден ооруп да жүрдүм.
Жылдар өтүп жатты, окуум менен чогуу иштегенге да аракет кылып, сиңдиме акча салып, колумдан кылган аракетимди жасап жүрдүм.
Ошентип окууну аяктап, адистигим боюнча дипломду колго алып дароо эле айылга жөнөдүм. Жолдо бара жатып, бизди жеткирип бара жаткан Адис менен таанышып, аябай жакшы сүйлөшүп кеттик. Көздөгөн жерибизге жеткенде номер алмашып тарадык. Үйгө жетерим менен телефон чалып, ал-абалымды сурап, сиңдим менен таанышканга да жетишти. Бат эле ага көнүп калганымды түшүндүм, ал да сүйүүсүн арнап, шаарга кетейин деген күнү келип, мени ала качып кетти.
Аркамдан Нурлан авамдар кууп келип, Адистердин жашоосу жакшы экенине көзү жетип мени калтырып кетишти, ошентип отуруп калдым. Кайнатам каза болуп калыптыр, бирок кайненемдер менен чогуу жашоо улана баштады, башында кызым деп эркелетип, мен андан энелик мээримди издеп, айтор мамилебиз сонун болуп жаткан. Арадан жарым жылдай убакыт өткөндө баягы кайненемдин кылык-жоругу чыгып, кызым деген кайненемдин ичинен чаар жылан чыга калды. Менден кетти окшойт деп айтайын десем, таңкы саат 7де туруп чай даярдап, ошондон баштап күн бою дөңгөлөктүн ичиндеги тыйын чычкан сымал айланам. Оокат бүтпөйт, өзүм ашпозчулуктун кесибин окуганым үчүн күнүгө түрлөп тамак даярдап берем.
Кийинки күндөрү эшикти такылдатпай кирип эле мени зекип, Адисти да урушуп, ар түрдүү ачуу сөздөрүн аябай калды.
Буга чейин сиңдимди жаныма алып, бактылуу өмүр сүрөбүз деген жакшы ниеттерим бар болчу, ал тилегимди да таш капты.
Аны да жолдошума суранып көргөм, Адинайды жаныбызга алалычы дегенимде, “апамдан сурап көрөйүн” деген жооп берген, бирок бул тема ошол боюнча жабылган. Бир жолу чай ичип отурсак, кайненем “Таланттын кызы супсулуу болуп келиптир, ошону ал десем болбой койдуң эле, карачы, жетим кыздын көзүн карап отурасың, өзү эле эмес сиңдисин кошо алып келем дептир” деп чыр чыгара баштады. Ошондо түшүндүм, бул тема мурда эле ачылганын…
Адис үйдө жалгыз уул болгондуктан бөлүнүп да кете албасымды түшундүм, айла жок тилимди тишиме катып жүрө бердим. Мага акча карматып койсо дагы атаандашып, “ага эмнеге акча бересиң, үйдө отурат, кийими бүтүн, тамагы бар, дайыны жок көзүн карайсың” деп булкулдап алды. Ошондон кийин акча да албас болдум. Барган сайын Адис экөөбүздүн мамилебиз муздап, ал үйгө келгиси келбей Бишкекке жүргүнчү ташыйм деп кетип калат.
Ал кеткенде да мээмди жеп “Тектүү жердин кызын алсам эч кимге сөз болбойт элем, кайдан жүрүп сени таап келди экен” деп да сүйлөндү.
Укпаган сөзүм калган жок, акыры Нурлан авамдын үйүнө кетип калдым. Адис келгенде чогуу барсам, “Кимдин койнунда жатып келгенин айдан билесиң, ушунуңду жоготчу” деп кадимкидей каарданып сүйлөдү. Эч нерсе деп унчуккан жокмун, болгону тынч эле кийимдеримди жыйнап, Адиске жашай албасыбызды айтып, жолго чыктым.
Ичимдеги арманымды, азаптуу жүгүмдү эч кимге айта албайм, сиңдимди болсо аяйм, эми аны алып Бишкекке кетсемби деп жүрөм. Адис күн алыс чалып кайра жарашалы, кел деп жатат, бирок укчу сөзүмдү угуп бүттүм окшойт…
Автор: Асель Жаныбекова
Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.