Кыргызстанда жазгы айдап-себүү иштери дээрлик аяктап калды


Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Азыркы тапта өлкө боюнча 651,4 миң гектар аянтта айдоо жана себүү иштери жүргүзүлүп, ал жалпы пландын 93,4 пайызын түзөт.

Негизги айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча жумуштардын жүрүшү:

Буудай – 102,4 миң гектар жерге айдалып, пландын 99,5 %ы аткарылды;

Арпа – 223,7 миң гектар жерге себилди (92,7 %), бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,9 миң гектарга көп. 2025-жылы жалпы 241,3 миң гектар аянтка арпа себүү пландалууда.

Жүгөрү – 104,9 миң гектар жерге себилди (97,1 %).

Буурчак өсүмдүктөрү – 49,0 миң гектарга айдалып, план 91,1 %га аткарылды.

Картошка – республика боюнча 63,2 миң гектарга эгилди. Былтыркы жылга салыштырмалуу 1,1 миң гектарга көп. 2025-жылга карата 66,4 миң гектар аянтка картошка отургузуу пландалган.

Жашылча өсүмдүктөрү – 52,3 миң гектарга тигилип, былтыркыга караганда 0,4 миң гектарга көп.

Бакча өсүмдүктөрү – 10,9 миң гектарга эгилген, бул былтыркыга салыштырмалуу 1,22 миң гектарга көп.

Майлуу өсүмдүктөр – 12,9 миң гектарга себилип, бул пландын 75,8 %ын түзөт.

Кант кызылчасы – Чүй жана Талас облустарында 12,87 миң гектарга себилип, былтыркы жылдын көрсөткүчтөрүнө тең келүүдө.