Бишкекке дагы 18 жаңы электр автобус келди


Бул тууралуу мэрия билдирди.

Автобустарды кытайлык Anhui Ankai Automobile Company компаниясы чыгарган. Буга чейин ушундай автобустардан бешөө келген.

Алдыда дагы 97 автобус келет.

Учурда борбор калаада электр автобустар тура турган эки токтотмо жайдын курулушу аяктоо алдында турат.