Уставдык капиталы 50 млн доллар болгон кыргыз-өзбек инвестициялык фонду түзүлөт
Ушул жылдын 25-декабрына чейин Кыргызстан-Өзбекстан биргелешкен инвестициялык долбоорлорду жана өнөр жай кызматташтыгынын долбоорлорун жүзөгө ашыруу боюнча маселелердин комплекси каралат. Тиешелүү чечим премьер-министрдин м.а. Артем Новиков менен Өзбекстандын премьер-министринин орун басары — Инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаковдун эки тараптуу жолугушуусунда кабыл алынды.
Ошондой эле буга чейин кол коюлган Финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында уставдык капиталы 50 миллион долларды түзгөн кыргыз-өзбек инвестициялык фондун түзүү жана бажы чөйрөсүндө өз ара кызматташуу боюнча жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.
Жыйынтыгында эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча Жол картасына кол коюу жөнүндө макулдашууга жетишилди.
Булак: Акчабар сайты