Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын имаратында маданият кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин республикалык комитетинин төрайымы Анархан Кыдыралиева күч менен барымтага алынды. Бул тууралуу ФПКнын басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, бир топ адамдар төраганы Мирбек Асанакуновду кызмат ордуна калыбына келтирүү жөнүндө келишимге кол коюуга мажбурлап жатышат.«Милиция кызматкерлеринин күчү жетпей жатат Кыргызстан Профсоюздар Федерациясы Ички иштер министрлигинен кошумча күч жөнөтүп, тартипке келтирүүнү суранат.