Коом

Жумушсуздарды онлайн түрүндө ишке орноштуруучу Zanyatost.kg порталы ишке кирди

Жумушсуздарды ишке онлайн түрүндө орноштурган жаңы кызмат ишке кирди. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, эми жарандар жумуш издөөчү катары каттоодон өтүү үчүн министрликтин аймактардагы бөлүмдөрүнө zanyatost.kg порталы аркылуу онлайн кайрылса болот.

Ошондой эле бул сайттын жардамы менен жарандар бош жумуш орундары менен тааныша алышат.

Аталган портал аркылуу жумуш берүүчүлөр дагы иш издеп жүргөндөрдү таба алышат. Алсак, сайтта жумуш издеп жүргөндөрдүн жашы, жынысы, кайсы жумушту жасай алары жана телефондору толугу менен көрсөтүлгөн.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button