Коом

Жалал-Абад ОИИБи: Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы бирге күрөшөлү

Урматтуу жарандар, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы бирге күрөшөлү! Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү бир гана милициянын милдети деген жаңылыштык. Милиция менен жалпы журт, коомчулук, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү үй-бүлөлүк зомбулукка каршы бирге күрөшүп, анын оор кесепеттерин алдын алышыбыз керек. Учурда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун саны көбөйүүдө.

Көпчүлүк мезгилде бул көрүнүштөрдөн аялдар жабыркап, милицияга кабарлаган учурда гана күнөөкөргө мыйзам чегинде чара көрүлсө, көп учурда жакындары, жабыр тарткан үй-бүлө мүчөлөрү зомбулукка кабылгандыгын жашырып, билинбей калып, натыйжада оор кесепеттерге алып келүүдө. Зомбулук көрсөткөн адам үй-бүлө куруу жоопкерчилигин түшүнбөй, үстүмдүк кылып, зомбулук көрсөтүүдөн үй-бүлөнүн бузулушуна алып келүүдө.

Үй-бүлөлүн бузулушунун кесепетинен “Баштаган бирөө, жабырын тарткан көпчүлүк” болуп, ошол үйдөгү балдардын дагы моралдык жактан, психологиялык жактан жабыр тартышы баарыбызга белгилүү. Келечек муун үчүн жаштарга туура тарбия берип, үй-бүлөлүк балуулуктарды, жоопкерчилик алууну, бири-бирине сый-урмат көрсөтүүнү үйрөтөлү. Бекем үй-бүлө-күчтүү мамлекет!

Эгерде, жакындарыңыздын, кошуналарыңыздын үй-бүлөсүндө болуп жаткан зомбулукту байкаган учурда тез арада милиция кызматкерлерине 102 номуруна же аймактык ички иштер органдарына кабарлооңуздарды суранабыз.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button