Саясат
Новиков Ысык-Көл облусуна жумушчу сапары менен барат
Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков эртең, 22-декабрда, Ысык-Көл облусуна жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлады.
Сапардын жүрүшүндө өкмөт башчынын милдетин аткаруучу бир катар инфраструктуралык жана социалдык объектилердин, ишканалардын иши менен таанышат.