Коом
Ташиев: чет өлкөлүк атайын кызматтар КРде чалгындоо иштерин активдүү жүргүзүүдө
Чет мамлекеттердин атайын кызматтары Кыргызстанда чалгындоо иш-аракеттерин активдүү жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында билдирди.
«Чет өлкөлөрдүн атайын кызматтары Кыргызстанда чалгындоо иштерин активдүү жүргүзүп жатканы аныкталды. Башка мамлекеттердин атайын кызматтарынын бул иш-аракеттери өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштыруу үчүн жасалууда деген божомол бар», — деди Ташиев.
Анын айтымында, атайын кызматтар мындай иштерди саясий-экономикалык, чек ара, этникалык, диний темаларды козутуп, коомдук пикирлерди манипуляция кылуу жолдору менен жасап жатышат.