6-июнга карата аба ырайы


Бүгүн республиканын айрым аймактарында жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +33…+38, Талас аймагында +31…+36, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +33…+38, Ысык-Көлдө +21…+26, Нарын өрөөнүндө +22…+27 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +35…+37 градуска көтөрүлөт.