Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жакында социалдык тармакта Нигериянын 3 жаранын мажбурлап иштетүү жана паспортторун мыйзамсыз тартып алуу боюнча арызы жарыяланганына байланыштуу, аталган чет элдиктер тергөө амалдарынын катышуучулары, ошондой эле мыйзамсыз миграция каналынын уюштуруучуларынын аракеттеринен жапа чеккендер экендигин билдирет.
Топтолгон материалдардын негизинде 2025-жылдын май айында КР Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Тергөө иш-чаралары аяктагандан кийин жогоруда аталган Нигериянын жарандарына өз өлкөсүнө кайтып келүү үчүн зарыл болгон консулдук жардам көрсөтүлөт.

