Сиздердин сайттан ар кандай тагдырларды издеп окуп жүрүп, менин дагы башымдан өтүп жаткан окуяларды чыгарып, кеңеш сурагым келди…Атым Алина, 30 жаштамын…
Бала кезимден бери бир бутум ооруп, азыркыга чейин сылтып басам. Анан ата-энемдер турмушка бер деген адамдын баласына дароо берип коюшту, менимче “Муну эч ким албай коет” деп коркушса керек. Ошентип турмуштун оор жана олуттуу этабы башталды, жолдошум экөөбүз сүйүү эмне экенин билбей эле жашап жүрдүк, ал арада ортодо 2 бала төрөлдү. Жолдошум Бишкекке жумушун которуп, биз да кетүүгө туура келди. Шаардын четинде жаңы конушта жашап жүрөбүз, жашообуз кудайга шүгүр, жолдошум жумушка кеткенде мен балдар менен алек болом.
Мындан 1 жыл мурда кесибиме байланыштуу өзүбүз жактагы мектепке мугалим болуп орношуп алдым. Ошондой күндөрдүн биринде тынч жашоомду бузуп, жүрөгүмө бүлүк салып Мирлан агай кирип келди. Ага болгон сезимим дароо ойгонду десем калп айткан болом, анын мүнөзү, элпектиги, тамашакөйлүгү бардык эже-агайларга жакчу, мен да тамашаларына тамшанып, ал сүйлөсө жүзүмдө күлкү ойноп калчу.
Бара-бара ал агай жакындыгын көрсөтүп, майрам же чогулуштарда көңүлүмдү көтөрүп гүл же таттуулардан алып келип берет. Өмүрүмдө мындай жылуулукту сезбеген экенмин, жүрөгүмдүн эшиктери акырындап ачыла баштады. Ошентсе дагы ага жолдошум, балдарым бар экенин айттым. “Мен сенден эч нерсе күтпөйм, болгону мени карап жылмайып жүр, ошол жетет” десе мурдагыдан да жакшы көрүп калдым.
Үйгө келип жолдошумдун кайдыгерлигин, үнсүздүгүн жактырбай, качкым келип калды. Балдарыма байланып, көзүмдүн жашын сүртүп отуруп калам.
Султан Садыралиевдин “Сен эмес, кучагымда башка бирөө” деген ырын угуп калып, чыныгы сүйүүнүн даамы башкача болорун сезип, эки күндүн биринде ыйлачу болдум.
Бир жолу мугалимдер чогулуп тоо койнуна чыкмай болдук, балдарды жолдошума калтырып кете бердим. Ошол күн өмүрүмдө унутулгус эң бактылуу учур болду, буга чейин өзүмдү сүйүүдөн бактылуу сезбептирмин. Мирлан агай талаа гүлдөрүн үзүп келип, таттуу сөздөрүн арнап, романтика кандай болорун көрсөттү. Башка мугалимдерден жашырынып барып суу боюнда көпкө сүйлөшүп отурдук, менден баш тартпасын, 2 бала менен алып кетүүгө даярдыгын айтты. Мурда кездешпей калганыбызга аябай өкүнүп, кучагына боюмду таштап аябай ыйладым.
Ошол убакытка чейин топтолгон бугумду кошо чыгардым окшойт, кадимкидей жеңилдедим. Өзүмө келген учурда сүйүктүү агайым мага арнап жазган ырларын окуп берди, ушундай адамды кантип сүйбөй кое алам деп ичимден сүйлөндүм.
Убакыт келип баарыбыз тарадык. Үйгө кирсем балдарым атасы менен аябай ойноп жатышыптыр, мындай карасам жакшы ата, мага деле зыяны жок, бизди багып жатат, бирок… Бирок жүрөгүм бош болуп жатпайбы…
Эртеси жумушка барып сырдаш эжекеме баарын айтып бердим, ал болсо “жолдошуң менен жашоону улант, сүйүү келет, кетет, андан көрө тынч жашооңду бузба” деген кеңешин берди.
Ал кеңешти жүрөк кургур тыңшап да койбойт тура, бул сүйүүдөн мен кантип баш тарта алам? Мирлан агайды кое берсем да, жүрөгүмө жазылган атын кантип чийип сала алам?
Эптеген кунарсыз жашоону тандап, жарым өлүк болуп жашаган артыкпы же балдарды атасыз калтырып өзүм бактылуу болгон тагдыр артыкпы? Айтор, башым маң, алдыдагы жолум туңгуюк болуп калды.
Эмне кылсам алдыдагы жашоом жеңил болот?
Автор: Асель Жаныбек
Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.