Чүй облусундагы 353,3 гектар жерге Кемин шаарын куруу долбоорун ишке ашырууга киришсин;
Кемин районунун мамлекеттик администрациясы курулушту ишке ашырууда бирдиктүү заказчы болуп аныкталсын;
министрликтер жана административдик ведомстволор, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Кемин районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары долбоорду ишке ашырууда тийиштүү колдоо көрсөтсүн;
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги инженердик-геологиялык, топографиялык изилдөөлөрдү аткаруу боюнча долбоор алдындагы иштерди жүргүзсүн. Ошондой эле Кемин шаарынын башкы планын иштеп чыксын;
Энергетика министрлиги Финансы министрлиги, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коому менен биргеликте шаарды энергия менен камсыз кылуу үчүн каражат тапсын жана тышкы электр тармактарынын курулушун камсыз кылсын;
Министрлер кабинети 2025-жылдын 1-июнуна чейин Кемин шаарын куруу концепциясын иштеп чыксын жана бекитсин. Ошондой эле шаарды куруу боюнча инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн жана тиешелүү инвестициялык макулдашууга кол койсун.

