Таласта коррупцияга шектелип экс-депутат кармалды


Талас облусунун милициясы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоевди кармады. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (Коррупция) негизинде кылмыш иши козголгон. Анын алкагында 9-июнда Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.