Камчыбек Ташиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барды


2025-жылдын 10-июнунда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы генерал-полковник К.К. Ташиев КР Саламаттыкт сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна келип, аталган борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты. Ошондой эле төрага борбордун дарыгерлеринин кайрылуусуна ылайык, балдар эндоскопия бөлүмүнө 16,5 млн сомдук «SonoScape 550» маркасындагы «Эндоскоп» медициналык жабдыктарын тапшырды.


Бул жабдуулар ички органдарды жана ар кандай хирургиялык манипуляцияларды изилдөөгө мүмкүндүк берет жана балдардын ар кандай ооруларын дарылоо боюнча медициналык кызматкерлердин ишин жеңилдетет.