Саясат
Шайлоого 11 өлкөдөн 92 журналист келет
2021-жылдын 10-январында Кыргызстанда өтчү президенттик шайлоону чагылдыруу үчүн 11 өлкөдөн 92 чет элдик журналист Тышкы иштер министрлигинен аккредитациядан өттү. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, 30-декабрга карата Тышкы иштер министрлигинин төмөнкү өлкөлөрдүн өкүлдөрү аккредитациядан өттү:
Россия – 33,
Япония – 5,
Улуу Британия – 14,
США – 1, Франция – 5,
Катар – 4,
Германия – 19,
Украина – 1,
Тажикистан – 2,
Белорусь — 4,
Азербайжан — 4.