Коом
Алымкадыр Бейшеналиев: Калктын көпчүлүгү COVID-19 менен ооруп бүттү
2020-жылдын ноябрь айынын ортосунда COVID-19 коронавирустун инфекциясы менен ооругандардын саны төмөндөгөндүгү байкалды. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, бул калктын көпчүлүгү COVID-19 менен ооруп бүткөндүгүнө байланыштуу болушу мүмкүн. Бул бул ИФА-изилдөөлөрүнүн натыйжалары менен тастыкталды.
«Ошондой эле бул аралыктан окутууга, коомдук жайлардагы чектөөлөргө жана беткап тагынуу режимине байланыштуу», — деди министр.