Коом

Бир айда 20 миң адам паспорт алып, жарымы улутун көрсөттүрдү

Бир айдын ичинде Кыргызстанда 20 миңге жакын жаран ID-паспорт алып, алардын жарымы улутун көрсөтүштү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын чечимине жана өкмөттүн токтомуна ылайык, 15-декабрдан баштап негизги жарандык документке «улуту» деген графа кайрадан киргизилген.

Маалыматка ылайык, бир айдын аралыгында өлкөдө 19 451 улуттук паспорт даярдалган. Анын ичинен 10 153ү улутун көрсөттүрсө, калганы коштурууну каалаган эмес.

«Улуту» деген графа жарандын өз каалоосу менен ID-паспортто көрсөтүлөт. Аны кошуудан баш тартып, 2017-жылдагы үлгүдөгү документти да алса болот.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button