12-июнга карата аба ырайы


Бүгүн күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 28…33, Талас өрөөнүндө 27…32, Ош, Жалал-Абад аймактарында 27…32, Баткенде 26…31, Ысык-Көл жеринде 19…24, Нарын чөлкөмүндө 22…27 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкек менен Ош шаарында 29…31 градуска жетет.