Бишкек шаарына Каттани аты менен таанымал, легендарлуу италиялык актер Микеле Плачидо келди. Ага III Бишкек эл аралык кинофестивалынын расмий ачылышында “Жаабарс” сыйлыгы тапшырылды.
Актер анда фестивалга чакыруу алганына терең ыраазычылык билдирип, “көптөгөн жергиликтүү актерлор менен таанышканыма өтө кубанычтамын. Мындан ары сиздер менен кызматташууга кызыкдармын”, — деди.
Белгилей кетсек, күн мурун Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда III Бишкек эл аралык кинофестивалынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Ага өлкө жетекчилиги, жергиликтүү жана чет өлкөлөрдөн келген кино чеберлери жана башкалар катышты. 11-июнда ачылган кинофестиваль 15-июнга чейин уланат.
Маалымат үчүн: актер жана кинорежиссер Мекеле Плачидо 1946-жылы Италиянын Асколи-Сатриано шаарында жарык дүйнөгө келген. Ага “Спрут” телесериалындагы комиссар Каттанинин ролу болуп көрбөгөндөй атак-даңкты алып келген. Мындан сырткары актер жүзгө жакын фильмдерде роль жараткан