Кылмыш-кырсык

Бишкек-Чалдовар унаа жолунда автокырсык катталып, 2 адам каза болду

Чүйдө 2 адамдын өмүрүн алган автокырсык катталды. Дагы бир жабырлануучу ооруканага жеткирилгенин Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 5-февралда Бишкек-Чалдовар жолунун 71-чакырымында (Эфиронос айылында) катталды.

«30 жаштагы айдоочу өзүнүн Ваз-2106 үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып жолдун карама-каршы тилкесине чыгып, Мерседес-С180 унаасы менен сүзүшкөн. Мерседес-С180 унаасы 26 жаштагы жарандын башкаруусунда болгон.

Кырсыктын кесепетинен Ваз-2106 унаасынын айдоочусу жана анын жүргүнчүсү (30 жаштагы Д. уулу А.) Панфилов райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза болушту. Ал эми Мерседес-С180 унаасынын айдоочусу райондук ооруканада жатат», — дешти маалымат кызматынан.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол-транспорт кырсыктарын болтурбоо максатында, бардык айдоочуларга жол эрежесин бузбоого жана айдоочулук милдеттерин так сактоого чакырат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button