Коом

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин айлык маянасы көтөрүлдү

Бишкек шаарында март айынан баштап «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин айлык маянасы көтөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардагы көчө шыпыргандардын айлык маянасы март айынан баштап 40 пайызга чейин көтөрүлдү. Мындан сырткары ай сайын кызматын өз убагында мыкты аткарган жумушчуларга кошумча 30 пайыз өлчөмүндө сый акы уюштурулду.

Белгилей кетсек, 8-мартта дагы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын айымдарына сый акы берилет.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button