Украина Россиядан 6 миңден ашуун аскердин сөөгүн алганын билдирди


Түркиянын Стамбул шаарында өткөн сүйлөшүүлөрүндө жетишилген макулдашуулардын алкагында Украина Россиядан 6 миң 57 сөөктү өткөрүп алганын билдирген. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, алар украин аскер кызматкерлерине таандык. Жакынкы күндөрү укук коргоо органдары жана Украинанын Ички иштер министрлигинин эксперттик кызматтары кайтарылган сөөктөрдүн өздүгүн такташат.

Белгилей кетсек, сөөктөрдү кайтарып алуу 2-июнда Стамбулда Украина менен Россиянын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүндө жетишилген келишимдердин бир бөлүгү.

Булак: Кабар.кж