Кыргызстандын кыргыз күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү дүйнө чемпионатына катышат.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш Татарстандын Казань шаарында 20-23-июнь күндөрү өтөт.
Курама команданын тизмеси:
Эркектер арасында:
— 60 кг Толубай Шүкүров;
— 66 кг Арлен Эстебесов;
— 72 кг Назарбек Космосбек уулу;
— 78 кг Бактияр Кадырбек уулу;
— 84 кг Мыктыбек Өмүрзак уулу;
— 90 кг Азизхан Мусабек уулу;
— 96 кг Асанкелди Нурказым уулу;
— +96 кг Бактияр Мирлан уулу.
Кыз-келиндер арасында:
— 60 кг Бегай Бейшенаалы кызы;
— 66 кг Аземи Камчыбекова;
— +66 кг Айжан Анарбекова.
Курама команда машыктыруучу Азизбек Айтмурза уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.