Закиров айыл чарба министринин орун басары болду


Эмилбек Закиров суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды.

Ведомстводон билдиришкендей, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Ал бул кызматта өз каалоосу менен арыз жазып кеткен Бактыбек Анаркуловдун ордуна келди.