Депутат энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салууну сунуштады


Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Марипов Кыргызстанга энергетикалык суусундуктарды ташып келүүгө жана сатууга тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-июнда парламенттин жыйынында айтты.

Ал өлкөдө боору, жүрөгү, бөйрөгү ооругандар көбөйүп жатканын айтып келип, мектеп окуучулары, такси айдоочулары энергетикалык суусундуктарды көп ичип жатканын билдирди. Марипов бул суусундуктарды өлкөгө киргизүүгө жана сатууга тыюу салууну сунуштады.

Эскерте кетсек, буга чейин депутат Алишер Козуев энергетика суусундуктарды жарнамалагандарга айып салууну сунуштап, мыйзам долбоорун иштеп чыккан.