Чүйдө төрөттөн кийин 36 жаштагы келин көз жумду


Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-июнда Чүй ОИИБге Чүйдөгү жалпы дарыгерлик практика борборунда чыр-чатактуу кырдаал жаралганы боюнча билдирүү түшкөн.

Милицияга 1984-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 7-июнда 1989-жылы туулган эжеси кош бойлуулуктун 36-жумасында төрөт үйүнө унаа менен жеткирилген. Келин төрөгөн соң, каза болуп калган.

Учурда факты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен медицина кызматкерлеринин аракеттерине юридикалык баа берилип, мыйзамдын талаптарына ылайык процессуалдык чечим кабыл алынат.