Саясат

Камчыбек Ташиев чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Ташкент шаарына барды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара маселеси боюнча биргелешкен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында Ташкент шаарына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, иш сапардын жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки тараптын өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен жыйыны болот.

«Өкмөттөр аралык делегациялардын жыйыны 24-марттан 25-мартка чейин Ташкент шаарында өтөт. Анда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов катышат», — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Өзбекстан менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы чек ара маселеси жакынкы аралыкта чечиле тургандыгы  маалымдалган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button