Коом
Пакистандын президенти эмделгенден кийин коронавирус жуктуруп алды
Пакистандын президенти Ариф Алви эмделгенден кийин коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу ал Твиттерге жазды.
Буга чейин президент Кытайда жасалган Sinopharm вакцинасы менен эмделген.
“Менин COVID-19 жуктурганым аныкталды. Вакцинанын биринчи дозасын алгам, бирок антителолор экинчи дозадан кийин пайда болот, аны бир жумадан кийин алмакмын. Этият болуңуз”, — деп жазган ал.