Коом
Улукбек Марипов: «Ички иштер министри кетеби, жокпу азыр айта албайм»
Бүгүн, 8-апрелде Өкмөт үйүнүн алдында ала качып өлтүрүлгөн Айзаданын окуясы боюнча өтүп жаткан митингдин катышуучулары менен премьер-министр Улукбек Марипов чыгып жолукту.
Үн күчөткүчтү алып, сөз сүйлөгөн Улукбек Марипов бул маселе учурда иликтенип жатканын, тиешелүү жетекчилердин кызматтык жоопкерчилиги каралууда экенин билдирди.
Журналист тарабынан берлиген: “Министр Улан Ниязбеков кызматтан кетеби?” деген суроосуна премьер-министр Улукбек Марипов: “Бул маселени президент жеке көзөмөлүнө алды, иликтөө иштери жүрүп жатат. Министрдин кызматтык жоопкерчилиги каралып жатат. Бирок, министр кетеби, жокпу азыр айта албайм. Иликтөө бүткөндө айтабыз”, — деди премьер.