Айрым мигрант ата-энелерге айып салуу сунушталууда


Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги айрым мигрант ата-энелерге айып салууну сунуштап жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Министрликтин сунушуна ылайык, ата-эне 30 күндөн ашык убакытка чет жакка кетип жатканда, балдарын туугандарынын кароосуна калтыра турган болсо, аларга камкорчу дайындап, бул тууралуу  тиешелүү органдарга кабар бериши керек. Ата-эне өздөрү жокто балдарын карап, бага турган адам ким болорун балдарды коргоо органдарына айтпай кетип калса, 12 миң сом айыпка жыгылат.

Министрлик эмнеге мынтип жатат?

Былтыр өлкөдө 94 миңден ашык баланын ата-энеси миграцияда болуп, алар туугандарынын колунда жашап жүргөнү аныкталган. Алардын ичинен 54 миңдей баланын ата-энеси аларга камкорчу дайындаган эмес. Башкача айтканда балдарды багып-карайм деп мыйзамга ылайык жоопкерчилик алган адам жок болгон. Ошондой эле мигранттардын балдары оор жумуштарга иштегени, мектепке барбаганы аныкталган.

Ушундай учурларды болтурбоо үчүн мигрант ата-энелер балдарына камкорчу дайындасын деген норма киргизилгени жатат. Болбосо, буга чейин айтылгандай, мигрант ата-энелерге айып салынат.