Кытай компаниясы Ош шаарына 520 турак үй куруп берет


Ош шаарынын мэриясы менен кытайлык «Кунлунь» курулуш компаниясы кызматташат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев «Кунлунь» курулуш компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Ван Чиан баштаган делегацияны кабыл алып, эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Ага ылайык, алдыда кытай компаниясы Ош шаарынын мэриясына Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу жер тилкесине 520 үй куруп берет. Бул үйлөр шаардагы турак үйлөрү башкы планга ылайык жолду кеңейтүүдө, каналдардын жээгин ачууда башка жака көчүрүлө турган жарандарга берилет.

Долбоорду ишке ашырууда Ош шаарынын мэриясы бардык тараптан колдоо көрсөтөрүн шаар мэри Жеңишбек Токторбаев билдирди. Мындан тышкары, күз айында суук түшкөнгө чейин үйлөрдү тездетип бүтүрүп, элди көчүрүп кирүүгө жетишүү керектигин белгиледи. Үйлөрдү курууга 1-июль күнү расмий капсула салынып, старт берилет.