Маалыматка караганда, кылмышка 61 жаштагы жаран шектелип жатат. Бул факт боюнча 21-июнда Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмү (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.
22-июнда Баткен РИИБ жана Баткен ОИИБдин ыкчам кызматкерлери шектүүнү Суу-Башы айыл аймагындагы Сары-Таш тилкесинен кармап, милицияга жеткиришкен. Ал Баткен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.