Коронавирустун «британиялык» штаммынын белгилери аталды
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирустун «британиялык» штаммынын белгилерин Facebook баракчасына жарыялады.
Министрлик оорунун белгилерин Улуу Британиянын улуттук статистикалык кызматынын маалыматына таянып чыгарган.
Анда жаңы штаммдын белгилери катары жөтөл, чарчоо, тамак жана муундардын оорушу көрсөтүлгөн. Даам жана жыт сезбей калуу коронавирустун «кытайлык» штаммына салыштырмалуу сейрек кездешери айтылган.
«Жыт, даам сезбей калуу жаңы штаммда чанда кездешет. Бирок ал негизги белгилердин катарында. Дене табы көтөрүлүп, жөтөлүү, даам сезбей калуу — оорунун негизги белгилери. Эгер адамда бул үч белгинин бири эле байкалган болсо, дарыгерге кайрылышы керек», — деп жазылат маалыматта.
Дүйнөдө коронавирустун жаңы штаммы аныкталган 3,5 миң адам ар кандай белгини көрсөткөн. Анын ичинен 35 пайызы жөтөлсө, 32 пайызы алсыздыкты байкашкан.
25 пайызы муун, денеси ооруганын айтса, 21,8 пайызынын тамагы ооруган. 18 пайызы даам, жыт сезбей калганы маалым болгон.
Дем алуу кыйындап, баш ооруп, ичи өтүп, кускандар сейрек кездешкени кошумчаланды.
Эске салсак, Кыргызстанда биринчи жолу коронавирустун «британиялык» штаммы катталды.
SARS-CoV-2 илдетинин жаңы мутациясын былтыр декабрь айынын орто ченинде Улуу Британияда табышкан. Ал тездик менен тарап жатканы, буга чейинки вируска караганда жугуштуулугу 70 пайызга тез экени маалым болгон.