Коом
Видео. Панфилов районунун тургундары Баткен элине каражат топтоп беришти
Панфилов районунун Чалдовар айылынын тургундары, Баткенде чек ара чырында жабыр тарткан үй-бүлөлөргө жардам иретинде, жалпы 223 370 сом чогултуп беришти.
Эске салсак, чек арадагы чырдан жалпы облус боюнча 78 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 Ички иштер министрлигинин имараты, 1 бала бакча, 3 чек ара заставасы, 10 АЗС жана 8 дүкөн талкаланган. Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен.