Коом

Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт

Кыргызстанда 9-майда күндүз жана 10-11-майларда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 10-майда түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, 10-майда күндүз жана 11-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, 11-майда Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button