Саясат

К.Иманалиев: «Кумтөрдө» чет элдик жумушчулар 18 эсе көп айлык алышат

«Кумтөрдө» орточо айлык акы Кыргызстандын жарандары үчүн 2780 доллар, ал эми чет элдик жарандар үчүн 51 650 доллар турат. Бул дээрлик 18 эсеге көп. Бул  тууралуу депутат Каныбек Иманалиев парламенттин 17-майдагы жыйынында айтты.

«Биз кенди иштетүүдөн түшкөн ар бир он сомдун бир сомун гана алганбыз, 9 сому Канадага кеткен. Мындан тышкары, бизге сатылып алынган запастык алтын базар баасынан 2,5 эсе көп, бул отчетко кирген эмес, жеке иликтөөм. Ошондой эле 2 млрд тонна руда өндүрүлгөн. Канададан да, Түркиядан да, Монголиядан да эң кымбаты бизде туруп калган. Ошондо «Центерра» ар бирине өз баасынан 0,5 центтен эле коррупция кылганда, 640 млн долларга жетип жатат», — деди Иманалиев.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button