Бүгүн республиканын айрым аймагында жамгыр жаашы жана бир катар жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +28…+33, Талас аймагында +27…+32, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29…+34, Ысык-Көлдө +20…+25, Нарын өрөөнүндө +23…+28 градус ысык болот.
Термометр борбор калаада +30…+32, Ош шаарында +31…+33 градусту көрсөтөт.

