Сулайман-Тоодогу өрт 15 гектар жерди каптаган


Сулайман-Тоодогу өрт кечээ саат 15:02де чектөөгө алынып, саат 15:31де толук өчүрүлдү. Тилсиз жоо болжол менен 15 гектар жерди каптаган.

Өрт кырсыгын өчүрүүгө жалпы 4 күжүрмөн эсеп, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан 3 куткаруучу тартылган.

Ири өрт өчүрүүнү министр Бообек Ажикеев өзү көзөмөлдөдү.